Өлкөнүн 2026-жылдарга чейинки экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Кыргыз Республикасында 2022–2026-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Бул туурасында министрлер кабинетинен билдиришет.

Ага ылайык, тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгон.

Кыргыз өлкөсү 2022–2026-жылдарга креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы "креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, өлкөнүн өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында" иштелип чыккан.

Концепциянын максаты болуп креативдүү индустриянын комплекстүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу аркылуу Кыргыз мамлекетинин экономикасына кошкон салымын көбөйтүү саналат.

Өнөр жай көлөмүндө масштабын кеңейтүүгө жөндөмдүү болгон инновациялык идеялар менен иштеп чыгууларды акчага айландыруу аркылуу Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын сектору жогорку кошумча нарктуу жана жогорку экономикалык натыйжалуу ишкердик ишинин акселераторуна айланат. Капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана жумуш менен камсыз кылуунун өсүшүн шарттайт.

Келечекте креативдүү экономика инновацияларга дем берүүгө, инвестициялык жагымдуулукту арттырууга түрткү берип, улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайы тармагына жана мигранттардын акча которууларына болгон көз карандылыгын азайтат. Ошондой эле маданий мурастардын кайра жаралуусу менен глобалдашуу шартында мамлекеттин өзүн-өзү идентификациялоосуна көмөктөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан