Ошто 385 коомдук ден соолук комитети иштейт

Ош шаарында бүгүнкү күндө 385 коомдук ден соолук комитети иштейт. Муну Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 27-ноябрда шаарда ден соолук маселесине арналган тегерек стол болуп, анда июнь айында түзүлгөн жаңы шаардык стратегиянын иш-чараларын угуу орун алды. Ага Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчылары, Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери катышты.

 “Бул программанын алкагында иш алып барып жатканыбызга аз эле убакыт болду. Ошого карабастан, коомдук ден соолук комитетинин кызматкерлери тарабынан элдер менен тыгыз байланышта болуп,  калктын калың катмарына маалыматты жайылтууда жакшы натыйжалар көрсөтүлүүдө”,- деди шаардык стратегияны алга жылдыруу боюнча координатору Айнура Мергенбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан