Айыл чарба продукциясын чет жакка чыгарууну каалагандар 5 жерден фитосанитардык сертификат ала алышат (тизме)

Өлкөдө айыл чарба продукцияларына көзөмөл жүргүзгөн 5 фитосанитардык лаборатория бар. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу фитосанитардык көзөмөл департаментинин өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Алар: Бишкек шаарында жайгашкан борбордук фитосанитардык көзөмөл пункту, Ош облусунун Ош шаарында, Нарын облусунун Нарын шаарында, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында жана Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында жайгашкан. Айыл чарба продукциясын чет жакка чыгарууну каалагандар аталган 5 пункттан фитосанитардык көзөмөл боюнча сертификат ала алышат.

Мындан тышкары Баткен облусуна да фитосанитардык көзөмөл пункту курулуп бүтүп, быйыл атайын жабдуулар менен камсыздалып жатканы кабарланды. Ошондой эле 2023-жылы Жалал-Абад облусуна да куруу пландалып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан