Сузак жана Базар-Коргон райондорунда 10дон ашуун турак үйдүн короосун суу каптады

Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондорунда 10дон ашуун турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-25-апрель күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам кокту-колоттон чогулган суу Сузак жана Базар-Коргон райондорунун Могол, Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Сузак, Барпы айыл аймагында жайгашкан 10дон ашуун турак үйдүн короосун каптаган.

"Турак жайлардын ичине кооптуулук жаралган эмес. Учурда кырдаал туруктуу", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан