Түшүнүктүү жан шеригиң өйдөдө өбөгүң, ылдыйда жөлөгүң болгону кандай жакшы. Турмуштун канчалаган сыноосунан бирге өтүп, балдарды татыктуу тарбиялап келе жаткан ырчы, аранжировкачы Жаныш Момунов жана өмүрлүк жубайы Жеңишгүл Балтабаева маек төрүбүздө.
"Кызыл-Кыяда апамдын курбусу бар болчу, анан эле мага айта берчү "эгер Кызыл-Кыяга барып жатакана керек болсо курбумдун үйүнө баргыла" деп. Ошентип биз барып турчубуз, анан эле байкасам жубайым мени жактырып жүрүптүр. Мен өзүм шайырмын, ошондуктан бат арбап алдым окшойт. Ал эми мырзалар колдон келишинче жубайынын көңүлүн алышы керек", - дейт Жаныш Момунов.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.