"Кум, шагылга толгон...". Баткенде сел жүрүп, 4 турак үйдүн короосун каптады (фото)

Бүгүн, 25-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен ички чарбалык арыктар кум, шагылга толуп, 4 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бүгүн саат 05:00 чамасында Бешкент айыл аймагында катуу жааган жаандан улам Лайлы айылындагы сайда сел жүргөн.

Селден 700 метр ички чарбалык арыктар кум, шагылга толуп, 4 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан