Бишкекте жеңиш күнүн майрамдоонун алдында шаардык кызматтар эстеликтер бар жерлерде ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Биринчи Май акимиатынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын, Бишкек шаардык аза кызматын көрсөтүү агенттигинин, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери, №15 мектептин мугалимдери жана окуучулары, ички аскерлери Боордоштор көрүстөнүндө ишембилик өткөрүштү.
Анда айланасын тазалап, бак-дарактарды актап, гүлдөрдү отургузушту, ишембиликтен кийин мектеп окуучулары мүрзөлөрдү жана мемориалдык жайларды сактоонун маанилүүлүгүн талкуулашты.
Эске салсак, Кыргызстандын ооруканаларында каза болгон Улуу Ата Мекендик согуштун 248 советтик жоокеринин сөөгү Боордоштор көрүстөнүндө коюлган.
Ошондой эле Ленин райондук Жаштар кеңеши Жаш Гвардия бульварынын тарыхый-мемориалдык аймагын иретке келтирип, Баатырлар аллеясындагы эстеликтерди тазалады.
"Иш-чаранын негизги максаты - тарыхый эстеликтерди азыркы муундар үчүн сактап калуу. Маданий мурас объектилерине, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстеликтерине, госпиталдарда алган жараатынан курман болгон фронтчу жоокерлердин, ошондой эле согуштан кийинки жылдарда курман болгондордун мүрзөлөрүнө камкордук менен мамиле кылууну жогорулатуу болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.