Өткөн жумада Айыл чарба министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо жана мал уурдоого бөгөт коюу боюнча жумушчу жыйыны болуп өттү.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын үч айында 802 баш мал-жандык уурдалып, анын 437си ээсине кайтарылган. Бул боюнча 318 факты катталган. Жалпы материалдык чыгым 25 миллион 260 миң сомду түзүп, анын 13 миллион 265 миңи өндүрүлгөн.
Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын тогуз айында эки миң беш жүздөн ашык бодо мал уурдалган. Мал уурулук үчүн түзүлгөн 87 кылмыштуу топтун 187 мүчөсү аныкталган.