Жер астындагы түтүктөрдөн газдын чыгышын жоюу иштерине байланыштуу Орто-Сай отканасынын абоненттери үчүн ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы Орто-Сай айылындагы газ түтүктөрүнөн чыккан газды жоюуга байланыштуу 29-апрелге чейин аталган аймакка ысык суу берүүнү токтотот.
Учурда жеринде "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын оңдоочу бригадасы жана керектүү техникасы иштеп жаткандыгы айтылат маалыматта.