Жалал-Абадда түнкү рейд жүрүп, 6 унаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө 3 айдоочуга унаасынын айнегин мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн протоколдор толтурулуп, 8 айдоочуга жол белгилерине баш ийбегендиги үчүн айып пулдар салынды.
"Мындан тышкары, 12 айдоочу коопсуздук курун тагынбастан унаа башкарып бараткандыгы аныкталды. Ошондой эле тиешелүү документтери жок унаа айдашкандыгы үчүн 6 айдоочуга протокол толтурулуп, унаалары айып короосуна киргизилди", - деп айтылат маалыматта.