
“Джаз-Бишкек-Жаз” фестивалы аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-апрелде "Джаз. Бишкек. Жаз" XVII Бишкек эл аралык джаз фестивалынын салтанаттуу жабылуу аземи болуп өттү.
Иш-чаранын катышуучуларын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу куттуктады.
Министрдин орун басары баса көрсөткөндөй, 17 жылдын ичинде жыйырма бир өлкөдөн келген жүз жетимиш алты топтун кыргыз элине джазды кабыл алуу жана чечмелөө өзгөчөлүктөрүн тааныштыруусу маанилүү.
«Фестивалдын уюштуруучуларынын жана джаз музыканттарынын чыгармачылык энергиясы жана ишине чын дилден берилгендигинин аркасында өлкөбүздө кесипкөй джаз музыканттарынын мууну өсүп, жаш музыканттарды өнүктүрүү үчүн аянтча түзүлүп, эл аралык гуманитардык кызматташтык жаатында кызыктуу долбоорлор ишке ашырылып жатат. Ата мекендик джаз мектебинин бедели өсүп бара жатат», - деди ал.
Ошондой эле Эсенгул уулу Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен «Визит-Тур» долбоорунун алкагында фестивалдын уюштуруучулары тарабынан «Джаз композицияларындагы үн коздоо боюнча дидактикалык колдонмо» чыгарылганын өзгөчө белгиледи.
Министрдин орун басары позитивдүү жана майрамдык маанай үчүн бардык музыканттарга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Джаз фестивалынын уюштуруучусу “Борбор Азия – Art Management” коомдук фонду. Фестиваль 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет. XVII Бишкек джаз фестивалына катышкан өлкөлөр: Израиль, Түркия, Австрия, Швейцария, Кыргызстан, Өзбекстан, АКШ.