Акыркы сутка ичинде республика боюнча коронавирус илдети аныкталгандар катталган жок. Ал эми илдеттен 7 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, республика боюнча амбулатордук дарыланууда 14 бейтап бар.
Кыргыз жергесинде жалпы 200 990 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алса, анын ичинен 196 393 бейтап айыкты.