
Ош шаарында Рамазан айынын урматына бир катар кичи автобустар элди бекер ташып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирүү таратышты.
Ага ылайык, акысыз кичи автобустар №107, №127, №125, №142 маршруттук линиялар боюнча катташат.
Белгилей кетсек, мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келет.