Ош шаарында психикалык жактан жабыркаган келин өз өмүрүн кыюуга аракет жасады. Куткаруучулар анын өмүрүн сактап калганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Министрликтин маалыматына ылайык, 30 жаштагы О.М. (психикалык жактан жабыркайт) Салиева көчөсүндөгү батирдин терезесинен секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.
Бул тууралуу маалымат куткаруучуларга түшөрү менен 6 куткаруучу тартылган. Алар келинди терезеден түшүрүп, туугандарына жана милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.