Спортчу Алексей Тепляшин 100 тонналык темир жол вагонун ордунан жылдырып, Кыргызстандын рекордун жаңылады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, спортчу жонуна илинген кайыш кур менен чиркештирилген 4 вагонду жана кошумча салынган жүктү дээрлик 8 метр аралыкка чейин жылдырган. Ал эми жүктүн жалпы салмагы 100 тонна 150 килограммды түзгөн.