Соңку аптада жол эрежесин 19 миңден ашуун адам бузганы аныкталды

Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузуулардын алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Анын алкагынды акыркы аптада өлкөдө 19 миң 277 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул туурасында Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Эреже бузуулар:

- транспорт каражаттарынын ылдамдыгын ашырып айдагандар – 3518;
- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандар – 176;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандар – 6711;
- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандар – 30;
- ээн баштык кылгандар– 6;
- жөө адамдардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу – 1105;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандар – 152;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандар – 6704;
- унаанын маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери караңгылатып башкаргандар – 58;
- мас абалында транспорт каражатын башкаргандар – 92;
- унаа токтотуучу жайга коюлган транспорттор – 748.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат. "Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө, аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан