Дөөлөт Сыдыков президентке: "Айылдын ордуна өкмөт үйү салынат деп сизден келген "билермандар" эбак эле айткан"

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде чуу жараткан "Манас" айылы боюнча суроого жооп берди. Анда өлкө башчы айылдын азыркы абалы кейиштүү экенин айтат.


Өлкө башчыга: "Манас" айылын талкалап, 5 сотых жерине кирип кетти деп Али Токтакунов менен манасчы Дөөлөт Сыдыков айтып чыгышты эле. Чын эле "Манас" айылынын жери кирип кеттиби?", - деген суроо берилген.

"Манас" айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми Ак Үй менин менчигим эмес. Көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз. Элдики. Чектери биригип турат. Анча-мынча бурч болуп кармалып калган кашааларын түздөп салып жатышат. Айылды дагы жаңылап салабыз. Азыркы акыбалын барып көргүлөчү. Адамдар эмес, ит көргүс. Биз аны накта "Манас" айылы кылып жасайбыз. Азыркы турушун, архитектурасын "Манас" айылы деп айткандан уяласың. Манаска тиешелүү эч нерсеси жок. Логикага сыя турган бир дагы архитектурасы жок. Ошондуктан аны жаңылайбыз. Эл тамшануу менен кирип тургудай кылабыз. Мындан сырткары айылдын маңдайына Манас театрын салабыз.

Ушул жерден бир нерсени айтып коёюн. Өзүн акылдуу сезип, акыл үйрөткөндөр өздөрүн бир эсе мекенчил сезсе, мен алардан жүз эсе мекенчилмин. Манас атабыз менин жүрөгүмдө бала кезимден бери жашайт. Менин азыркы жасап жаткан ар бир ишим, кайсы убакта болбосун, эл тараптан "жакшы иш болуптур" деген баа бергидей жасап кетем. Ошол үчүн бардык жасап жаткан иштеримди сындагандын ордуна колдоп тургула. Өкүнбөйсүңөр", - деп жооп берген.

Бул маектен кийин манасчы Дөөлөт Сыдыков мамлекеттик кызматкер катары өз милдетин аткарып жатканын айтып, пикирин айтты.

"Садыр аба, ооба, "Манас" айылы менин менчигим эмес, ал жерде мен жооптуу мамлекеттик кызматкермин, милдетимди гана аткарып жатам. 5 сотых деп калп эле шылтоо менен айылды басып алалы деген Марат Турсунбеков менен Дамирбек Асылбек уулунун жана Нургалы Асаналиевдин дагы менчик жери эмес. Эмне үчүн жогорудагы ысымы аталгандар "Манас" айылын тебелеп кирип, каалаганын кылыш керек?
Айыл 1995-жылы Манас эпосунун 1000 жылдыгына арналып бөлүнүп берилген тарыхый жер. Бул жерге 5 сотых эмес, мыйзамсыз беш кадам киргенге эч кимдин акысы жок. "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна Ак Үй салып, айылдын ордуна министрлер отурган өкмөт үйү салынат деп сизден келген "билермандар" эбак эле айткан. Долбоору даяр экенинен дагы кабарым бар. "Эми андай эле жерди ала турган болсоңор мыйзамдуу кагаз, чечим кайда десем?" эч ким эч нерсе көргөзө албады. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Тилек Батырканов дагы жердин мыйзамдуу документин көргөзө албады. Анан мен эмне кылышым керек?
Андан көрө ачык эле агынан жарылып "Манас" айылынын ордуна өкмөт үйүн салалы деп дароо эмне үчүн чечим чыгарган жоксуз? Ошол себептен улам айылды тоого көчүрүүнүн жолу табылган сыяктуу. Ошондой эле комплекстин жери жаңы өкмөт үйүнө керек деп бекисе, мыйзамдуу чечим чыгышы керек эле. Андай эле эл үчүн болгон иш болсо ачык айтылышы керек. Ал эми учурдагыдай бүдөмүк иштерге мен каршымын. Мен саясатчы эмесмин, мен манасчымын. Мага саясат же популисттик көз караштардын зарылдыгы жок. Мага Манас өз жеринде кандай колдоого ээ ошол маанилүү!
Мен аябай кубанычтамын, "Манас" айылы салынат деген кебиңизге сүйүнүп турам. Манас театры дагы салынсын. Бирок бир жыл мурун дагы ушул иш боюнча тапшырма бекитип, биз иштеп келдик эле. Эми болсо сиз "колдогондордун" кылган иштерин сиз кубаттап, колдоп турганыңызга менин акылым айран болуп жатат. Мени бул ишке куурчак кылам деген ашыкча нерсе.
Аттиң, маданият министринен мени коркутуп, дубай салам айттырганыңыз ашыкча эле болуп калды. Андан көрө бир жылдан бери иштеп жаткан Манас долбоору боюнча сурап койсоңуз жакшы болмок. Эмне үчүн биз анда президенттин иш башкармалыгы менен "Манас" айылын кайра куруу боюнча иш алып бардык эле, карышкырга эле кой кайтарткан экенбиз да! Кандын касиети сөзүнүн күчүндө! Сөзү эки бөлөк болгондо, касиети качат. Манас боюнча ар бир ишке убада берсе орундалыш керек, болбосо айтпаш керек эле...", - дейт Сыдыков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан