Бишкек шаардык мэриясы "Белес" автобустарын чыгарган ата мекендик компания менен кандай шартта кызматташа турганын маалымдайт. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэрия продукцияга тиешелүү сапат сертификатын бергенден кийин компания менен кызматташууга жана ата мекендик өндүрүштү колдоого даяр.
"Автобустардын сапаты жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Компания берген расмий катта автобустун кепилдик мөөнөтү 2 жыл, ал эми колдонуу мөөнөтү 20 жыл деп жазылган.
Борбор калаанын мэриясына дүйнөлүк бренддерден коммерциялык сунуштар берилип, анда 10,5 метрлик автобустардын баасы 115тен 135 миң еврого чейин, 12 метрлик автобустардын баасы 137ден 151 миң еврого чейин көрсөтүлгөн. Ата мекендик компания дизелдик кыймылдаткычы бар автобустун баасын 185 миң 600 еврого, газ кыймылдаткычы 178 миң 500 еврого сунуштаган.
Мэрия компаниянын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн жок деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Февраль айынын аягында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев көчмө жыйындын алкагында "Белес.kg" ЖЧКсынын ишканаларында болгон. Анда мэриянын өкүлү ишкананын иши менен таанышып, ата мекендик өндүрүштөгү алгачкы автобусту сынап көргөн.
Тараптар борбор калаанын маршруттук линияларында "Белес" автобустарынын иштөө сапатын, ошондой эле кызматташуунун максатка ылайыктуулугу жана өзүн актоо маселелерин талкуулашкан", - деп айтылат маалыматта.