Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбековдун "Казакстанга сууну блокада кылышыбыз керек" деген сөзүнө комментарий берди. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Кечээ, 25-апрелде өткөн бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Казакстан менен болгон чек арада айдоочулар чек арадан өтө албай кыйналып жатканын айтып, буга жооп катары сугат сууну блокада кылыш керек деген пикирин билдирген.
"Биздин жүк ташуучу айдоочуларыбыз эмне себептен кыйналып жатат? Тажикстандыкы, Өзбекстандыкы кыйынчылыксыз эле өтүп жатат. Блокада бар да туурабы? Биз муну бир тууган казак элинин бизге жасап жаткан кыянатчылыгы деп билебиз. Биз дагы сугат суусуна блокада жасайлы. Менин сунушум ушундай. Биз ЕАЭБдин мүчөсүбүз. Коңшу мамлекеттер менен жакшы мамиледе болсок, алаканы жакшы мамиледе кылышыбыз керек. Урматтуу бийлик өкүлдөрү, сугат суунун кезеги келгенде блокада кылышыбыз керек", - деген Алтынбеков.
Буга Казакстандын каржы министри комментарий берди. Айтымында, Казакстандын Кыргызстан менен болгон чек арасында эч кандай көйгөй жок.
"Бизде эки өлкөнүн премьер-министрлеринин катышуусунда өкмөттөр аралык кеңешме болору күтүлүүдө. Бизде андай маселе жок. Эч кандай дооматтар жок. Ал жактан бир катар кытай товарлары кыргыз чек арасы аркылуу казак чек арасына келет. Бул товарлар мыйзамдуу түрдө өтүшү керек, кыргыз тараптан кошумча нарк салыгы, импорттук төлөмдөр алынсын деп жатабыз. Кыргызстандык кесиптештерибиз менен биргеликте чек арада экспорттук-импорттук көзөмөлдү өзүбүз уюштурдук. Ооба, мындай фактылар болгон. Эгер билсек, Мамлекеттик кирешелер комитети текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Текшерүүлөрдөн улам, албетте, кезек күтүүлөр бар”, - деген Жамаубаев.
Ошондой эле казак министри кыргызстандык депутат эмне себептен мындай маселени көтөргөнүн билбей турганын айткан.
Мындан тышкары министр чек арадагы жүк ташуучу унаалардын кезек күтүүсү күн сайын болбогонун, текшерүү жана мыйзам бузууларды аныктоо убагында гана болуп жатканын кошумчалаган.