Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген аюулардын терилери табылды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашат.
Маалым болгондой, буга чейин "куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү", "жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши катталган. Анын алкагында туристтик-экологиялык милиция, "Илбирс" коомунун адистери жана "Эңилчек" заставасынын чек ара кызматкерлери менен биргеликте териштирүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Ага ылайык, Сары-Жаз сырт өрөөнүнүн 1975-жылы туулган тургуну Т.Р`нын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дары жана Кызыл китепке кирген, жоголуп бара жаткан 2 күрөң аюунун терилери табылды. Учурда кылмыш ишинин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, күрөң аюулардын терилеринин келип чыгышы боюнча тергөө амалдары уланууда", - дешет маалымат кызматынан.