Касым-Жомарт Токаев өзү жетектеген "Аманат" партиясынын катарынан чыкканын жарыялады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзү жетектеген "Аманат" партиясынын катарынан чыкты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

"Бүгүнкү күндөн баштап "Аманат" партиясынан чыктым. Бул кадамдын символикалык мааниси бар.

Президенттик шайлоодо ишеним көрсөтүп, колдогонуңуздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Ошондой эле чечүүчү учурларда партиянын лидери катары мага колдоо көрсөткөнүңүздөргө ыраазымын", - деген Токаев партиянын съездинде.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев буга чейин аталган партиядан кетерин, муну мыйзам менен дагы беките турганын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан