Бүгүн, 26-апрелде айрым депутаттар тарабынан демилгеленген оң рулдуу унааларды өлкөгө ташып келүүгө уруксат берүү мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.
Жогорку Кеңештин депутаттары бул мыйзам долбоорун бүгүн, 26-апрелде Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында карап, колдогон жок.
Өз кезегинде Ички иштер министрлиги бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, оң рулдуу унаалар жол кырсыктарына себепкер болуп жатканын билдирди.
Апрель айынын башында ИИМ Кыргызстанда оң рулдуу унаалардын саны жалпы автотранспорттун 17 пайызын түзөрүн, мындай унаалар өлүмгө алып келген оор жана өзгөчө оор жол кырсыктардын 60 пайызын түзөрүн билдирген.