Болот Темировго козголгон кылмыш ишин тергөө жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти.
"Тергөөнүн жүрүшүндө 2 документ (аскердик күбөлүк жана паспорт) жасалма экени аныкталды. Эки документте башка адамдын маалыматы колдонулган", - деп билдиришти ИИМдин өкүлдөрү.
Белгилей кетсек, буга чейин иликтөөчү журналист Болот Темировго 4 берене (баңгизаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, документтерди жасалмалоо, мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү жана жасалма аскердик күбөлүктү пайдалануу) боюнча шектелип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылган.