Кыйроодон аман калган дүйнө силерди унутпайт. Чернобыль апаатына 36 жыл

Бүгүн, 26-апрелде Юлиус Фучик атындагы сейил бакта Чернобыль атомдук электр станциясындагы апааттын эл аралык эскерүү күнүнө арналган иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулары Чернобыль курмандыктарынын эстелигине гүл коюшуп, бир мүнөттүк аза күтүштү. Ага Коргоо министрлигинин, мэриянын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, "Союз Чернобыль" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, авариянын кесепетин жоюуга катышкандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү келишти.
Украинанын Чернобыль шаарында жайгашкан "Чернобыль" атомдук электростанциясынын төртүнчү реакторунун оңдоо мөөнөтү келгендигине байланыштуу 1986-жылы 25-апрелден тартып анын кубаттуулугу азайтылып, түшкө чейин жарымына түшүрүлөт. Мына ошол убакта мурда 1983-жылдан бери үч жолу колдонулуп, бирок ишке ашпаган экспериментти жүргүзүүнү же турбогенератордун кубаттуулугу азайтылгандан кийин анын инерциялык күчү канчага чейин сакталарын дагы бир жолу сынап көрүүнү чечишет. Авариялык муздатуучу систем өчүрүлүп, кубаттуулук дагы азайтылат. Бирок кубаттуулук пландаштырылгандан да тездик менен өзүнөн-өзү азайып, системдер нормадагы чектен өтө ысый баштаганда оператор реактордун кубаттуулугун кайра жогорулатып, авариялык муздатуучу системди кошууга аракеттенет. Бирок ал систем иштебей реактор өтө ысып, темир жабдуулары эрип, 26-апрелге караган түнү саат 1:23тө реактор жарылган. Жарылуу учурунда миң тоннадай химиялык зат күйүп, радиация Украинанын, Беларусь менен Түндүк Европанын айрым бөлүктөрүнө жайылып кеткен.
Чернобылдагы авариянын кесепеттерин жоюуга СССРдин бардык аймактарынан мобилизацияланган 700 миңге жакын, анын ичинде 3 миңден ашык Кыргызстандын жарандары катышып, ар кандай дозалардагы радиорентгендик нурларга кабылып, алардын бир бөлүгү өмүр бою майып болуп калышкан. Радиорентгендик нурлардан авариядан кийинки алгачкы күндөрдө 4-реактордо түздөн-түз иштешкендер өзгөчө көп жабыр тартышып, анын кесепетинен 3 айдын ичинде 31 адам көз жумган. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, өткөн кылымдын ичинде Чернобылдагы АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуда иштегендерден 5 миңге жакын адам каза болгон.
Чернобылдагы авария Советтер Союзуна материалдык жана моралдык жактан аябагандай чоң зыян келтирген. Чернобылда 12,5 миң адам жашаса, алардын баары авариядан кийинки 2-3 күндө эвакуацияланган. Алардан сырткары 30 чакырымдык радиустагы айыл-кыштактарда жашаган 115 миң адам башка коопсуз жактарга көчүрүлгөн. АЭСтен зыяндуу заттардын чыгуусун токтотуп, аны консервациялоого жүздөгөн миллион долларлык каражаттар жумшалган. Радиоактивдүү заттар менен булгангандыгына байланыштуу жалпы аянты 5 миллион гектар жер белгисиз мөөнөткө пайдаланылуудан чыгарылган. СССРдеги, Европадагы долбоорлонгон АЭСтердин курулуштарынын баары токтотулган. 1986-2002-жылдарда Европада бир да АЭС курулган эмес. АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип калгандарга пенсиялар, калгандарына жөлөк пулдар төлөнөрү каралган. Булардын баары миллиарддаган долларды түзгөн.

26-арелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан