Орусияда бала бакчага белгисиз адам кирип келип ок чыгарды. 4 адам каза болду

Орусияда белгисиз адам бала бакчада ок чыгарып, төрт киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя Ульяновск облусунда болгон. Анда бала бакчага белгисиз адам кирип келип, түшкү эс алууда уктап жаткан балдарга ок чыгарган. Жыйынтыгында төрт адам каза болгон. Каза болгондордун ичинен экөө жаш бала.

Алдын ала маалыматтар боюнча ок чыгарган жаран өзүн-өзү өлтүргөн.

Учурда жеринде укук коргоо органдары иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан