Уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбайт. Бул туурасында министрлер кабинетинен кабарлашты.
Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Анда уюлдук байланыш каражаттарын, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу аппараттарды идентификациялоонун мурда сунушталган тартиби боюнча сын-пикирлерди эске алуу демилгеленген.
"Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясына ылайык, уюлдук, маалыматтарды берүү үчүн колдонулган каражаттарды идентификациялоо лицензиялануучу ишмердик болуп саналбайт. Аталган ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун жана бир аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат.
Идентификациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт, ал Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген бардык түзүлүштөрдү идентификациялоо талаптарын аныктайт.
Мобилдик түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу аппараттарды идентификациялоо өлкөгө алып келинүүчү контрабандалык товарларга каршы күрөшүүдө оң таасирин тийгизет, бул өз кезегинде экономикалык ишмердик жүргүзүүчү субъекттерди көмүскөдөн чыгарууга да оң таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.