Жумуш таппай жатасызбы?! Бишкекте бош жумуш орундарынын жарманкеси өтөт

27-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында бош жумуш орундар менен кесиптердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкеге 2 миңден ашуун жумуш орундарын сунуштай турган өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактардан 50 ири компания катышат.

Жалпысынан 6 миңден ашуун бош жумуш орундар каралат.

Иш-чараны аталган министрлик, Бишкек мэриясы, ЖИА Бизнес Ассоциациясы, Германиянын эл аралык кызматташтык коому уюштурууда.

2021-жылы 76 миң адам расмий жумушсуз катары катталган. Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан 1 жарым миллиондой Кыргыз жараны чет жактарда жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан