Бишкек мэри Европа инвестициялык банкынын өкүлү менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Европа инвестициялык банкынын Борбордук Азиядагы кредиттик операциялар боюнча башкы кеңешчиси Адам Брун жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар шаарларды өнүктүрүү, жашыл экономика, экология, инфраструктурага байланышкан долбоорлор жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Адам Брун банк менен кызматташуунун шарттары жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди. Өз кезегинде мэр өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шаар турмушунун приоритеттүү маселелерине токтолду.

Маалымдама: Европа инвестициялык банкы дүйнөдөгү эң ири каржы институттарынын бири, анын акционерлери Евробиримдиктин 27 өлкөсү. Ал 1958-жылы ЕБ өлкөлөрүн кызыктырган объектилерди курууга жана реконструкциялоого кредиттерди берүү максатында түзүлгөн. Банктын капиталы болжол менен 350 миллиард еврону түзөт. Банк эң жогорку кредиттик рейтингге ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан