Бишкек милициясы дайынсыз болуп жаткан 85 жаштагы аялды таап беришти. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-апрелде Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 85 жаштагы апасы Дандыбаева Кундузай Дуйсенбаевна дайынсыз болуп жатканын айтып, милиция кызматкерлеринен аны табышууга көмөк сураган.
Издөө иштеринин алкагында милицияга шаар тургундарынын бири дайынсыз болуп жаткан аялга окшош адам тууралуу кабарлаган. Укук коргоо кызматкерлери барып ал адам Кундузай Дандыбаева экенин аныкташкан. Кийин жакындары чакырылып алардын колуна тапшырылган.