Бүгүн, 26-апрелде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен маданият министрлигинин ортосундагы 2022-жылга министрлик менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосунда кызматташуу планына кол коюлду.
Тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгилешти:
Жаштардын көп тараптуу дипломатия жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү көндүмдөрүн түшүнүүсүн жакшыртууга багытталган жыл сайын ЕККУнун моделин уюштуруу;
"Кыргыз Республикасындагы жаштардын бакубаттуулугу жана өнүгүү индекси" улуттук изилдөөсүн жүргүзүүдө эксперттик колдоо көрсөтүү;
өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштар адистери үчүн 6 айлык квалификацияны жогорулатуу курсуна колдоо көрсөтүү;
Стратегиялык пландаштыруу боюнча Борбордук Азиялык окуу курсун өткөрүү.