Дүйнөлүк изилдөөчүлөр ноутбуктардын өмүрүн узартуунун жөнөкөй жолун жарыялашты. Маалым болгондой, пандемия учурунда компьютерлер жана ноутбуктар эң зарыл болгон буюмдардын категориясына кирди. Ошондуктан бир жыл мурун гаджеттерди сатып алган адамдар үчүн алардын кызмат мөөнөтү жөнүндө маселе өзгөчө курч турат.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ноутбуктун иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн биринчи кезекте анын аккумуляторун толук кубаттабоого кеңеш берет.
«Бардык аккумулятордун кубаттоо циклдарынын саны чектелүү жана сиз батареяны канчалык азыраак заряддасаңыз, ал ошончолук узакка жетет. Бул ушунчалык жөнөкөй математика», - дейт эксперттер.
Аппараттын температурасына байкоо жүргүзүү да маанилүү, анткени ноутбуктарда көбүнчө колдонулган литий-иондук батарейкалар ысыкка жакшы чыдабайт. Аппараттын иштөөсү үчүн эң ыңгайлуу температура + 10 градустан + 30га чейин. Ошол эле учурда ноутбук - 25 градустан плюс 45ке чейинки температурада сакталышы керек. Чектен ашкан башка температура аппаратка зыян келтириши мүмкүн.