Токтогул районунда 5 килограммдан ашык гашиш баӊгизатын сатып жаткан жарандар кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 5 килограммдан ашык гашиш баӊгизатын сатуучулар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 9-апрель күнү тийиштүү кызматка Кылыч аттуу жаран баңгизатын сатып жана сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жарандан 1600 сомго 70 грамм гашиш баңгизаты сатып алынган.

"Териштирүү иштеринде Токтогул районунун тургундары 2001-жылы туулган А. уулу К. менен 1990-жылы туулган Ж.С. 100 миң сомго 5 килограмм 360 грамм гашиш баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалышкан. Кармалган жарандар кылган кылмыштарын толугу менен моюндарына алып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан