Депутат Мирлан Самыйкожо эки эл өкүлүнүн аттарынан жаңылып калган Марлен Маматалиевге кайрылды

Депутат Мирлан Самыйкожо бүгүнкү жыйында эки эл өкүлүнүн аттарынан жаңылып айтып алган Марлен Маматалиевге кайрылды.

"Кечээ регламент боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан кезде Марлен Маматалиев мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча маалыматта кесиптешибиз Түлөбаевди атады, кайра Түмөнбаевди атады. Экөө авалар болгону менен таптакыр башка адам. Экөөнүн салмагы да, ою дагы, бою да башка адамдар. Ушуну кантип айырмалай албай калат. Марлен Маматалиев өзү болсо жакшы болмок. Өзү депутаттардан кечирим сурап коюш керек. Кечээ социалдык тармакта катуу талкуу болду", - деди эл өкүлү.

Анда төрага Маматалиев өзү дагы бир пикирин айтса керек деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан