Руслан Казакбаев отставкага кеткенден кийин кызмат сунушталган

Тышкы иштер министри кызматынан бошотулган Руслан Казакбаевге тышкы саясат тармагындагы каалаган кызмат сунушталган. Бул туурасында бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Жээнбек Кулубаев тарабынан белгилүү болду.

Анда депутат Руслан Жакышов экс-министр учурда эмне менен алек болуп жатканына кызыкты.

"Президент Садыр Жапаров Руслан Казакбаев кызматтан бошотулгандан кийин жолугушуп, сүйлөштү. Руслан Айтбаевич азырынча ден соолугуна кам көрүп, эс алуу үчүн 2-3 ай убакыт керек экенин айтты. Биз ага тышкы саясат жаатындагы каалаган кызматты сунуштадык. Ал өзү тыныгуу алууну суранды. Эгер Руслан Казакбаев кайрылса, биз ага кызмат таап берүүгө даярбыз", - деди министрдин милдетин убактылуу аткаруучу.

Белгилей кетсек, Руслан Казакбаев 2020-жылы октябрь айында министр болуп дайындалып, 2022-жылдын 22-апрелине чейин бул кызматты аркалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан