Ушул ишемби күнү мектеп окуучулары кадимки тартипте окушат

Окуучулар жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлери 1-майдан 10-майга чейин эс алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, беш күндүк окутуу боюнча иштеген бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы орто билим берүү уюмдары, бала бакчалар жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары үчүн 1-майдан 9-майга чейин эс алуу күндөрү болот.

* 30-апрель ишемби күнгө туш келгени менен иш күнү болот (4-май, шаршемби);

* 6-майдагы (жума) иш күнү 14-майга жылдырылды (ишемби).

"Ошондой эле 2-3-5-9-майга туш келип, өтүлбөй калган сабактарды мектептердин администрациялары жакынкы күндөргө сабактардын кошумча жүгүртмөсүнө киргизүүгө тийиш.

Беш күндүк окутуу боюнча иштеген менчик билим берүү уюмдарынын жетекчилигине окуу процессин жогоруда көрсөтүлгөн токтомго ылайык уюштуруу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 14-апрель күнү министрлер кабинети май айындагы эс алуу күндөрүн жылдыруу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, 1-майда Эмгекчилердин эл аралык күнү белгиленет, 2-майга алдын ала Орозо айт туура келет, 1-май жекшемби күнгө туш келгендиктен 3-май эс алуу күнү болот. 5-май – Конституция күнү, 7-8-май - ишемби жана жекшемби. 9-май – Жеңиш күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан