Жалал-Абадда бош жумуш орундарынын жарманкеси өттү

Бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад шаарыда бош жумуш орундарынын жарманкеси өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясы шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте бош жумуш орундарынын жарманкесин өткөрдү. Анда 300гө жакын бош жумушчу орундары сунушталды.

"Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, шаардагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, окуу жайлардын студенттери жана жумуш издеген жарандар катышты.

Мындай жарманке калктын жашоо-шартын жакшыртуу, сырткы эмгек миграциясын кыскартуу жана ишкердикти өнүктүрүү багытында жылына 2 ирет өткөрөлүп турат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан