Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объекттердин жанына токтотпоону суранат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуздар, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 кыска номерлерине кабарлаңыздар, ошондой эле фото жана видео фактыларды 0554 -182-185 номуру боюнча жөнөтүңүздөр", - деп жазылат маалыматта.