Депутат Султанбекова: "Биз кызматын эбак өтөп бүткөн унаалардын борборуна айланбашыбыз керек..."

Жогорку Кеңешке "Ишеним" фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова бүгүн, 27-апрелде "Парламент" радиосунда болуп, тыюу салынгандыгына карабастан эл колдонуп жаткан оң рулдуу унаалардын саны иш жүзүндө азайбай жаткандыгына токтолду. Буга үчүнчү мамлекеттерден келген, каттоого алынбай жолго чыгып жүргөн транспорттор далил. Кырдаалды кантип көзөмөлгө алса болот? - деген суроого эл өкүлү радиоэфирде жооп берди.

“Оң рулдуу унааларды алып келүүгө 2015-жылдан тартып тыюу салынганы менен, ал кагаз бетиндеги эле талапка айлангандай. Ал эми иш жүзүндө Абхазия сыяктуу үчүнчү мамлекеттерден келип жаткан унаалар жолдо жүрөт. Алар атайын каттоодон өтпөгөндөн кийин, алардын ээлери унааларын документтештирип сата алышпайт. Коопсуздук камералары алардын номерлерин тааныбайт дагы экен. Ошондуктан маселенин татаалдыгы ушунда болуп жаткан соң “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап, демилгечи болуп чыктым. Маселе Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде биринчи окууда каралды. Эми жыйынтыктоочу сөз Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде калды”, - дейт депутат.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты өлкө аймагында оң рулдуу транспорттук каражаттарды сырттан ташып келүүгө салынган тыюуларды жеңилдетип, аларды каттоого алуу тартибин ыратташтыруу болуп саналат, - деген эл өкүлү мындай суранычтар шайлоочулар менен болгон жолугушууларда байма-бай көтөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле студия мейманы - “Башка коңшу мамлекеттер өз автопарктарын жаңы заманбап техникалар менен жаңылап жатса, биз кызматын эбак өтөп бүткөн унаалардын борборуна айланбашыбыз керек”, - деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан