Жогорку Кеңеште депутаттарга быйыл дагы класстык чиндерди берүү сунушталды

Парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында депутаттарга быйыл дагы класстык чиндерди берүү сунушу айтылды. Бул маселени депутат Айнуру Алтыбаева көтөрдү. “Былтыр айрым комитет башчылары, депутаттар класстык чиндерди алышкан. Быйыл Жогорку Кеңештин 75 жылдыгына карата класстык чин берүү маселесин дагы карасак. Президенттин алдындагы комиссияга ушуну сунуш кылам”,- деди депутат.    

Эскерте кетсек, жакында депутат Дастан Бекешев тарабынан мамлекеттик кызматкерлерге класстык чиндерди берүүнү жоюу боюнча мыйзам долбоор сунушталып, депутаттар колдоого алышкан эмес. Көпчүлүк депутаттар чин жаштарга стимул болуп, алдыга умтулуп иштей турганын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан