20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары эртең, 29-ноябрда Ош шаарындагы борбордук аянтта митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу митингдин уюштуруу тобунун мүчөсү Марипат Осмоналиева бүгүн, 28-ноябрда билдирди. Алардын талабы мурдагыдай эле, депутат Ахматбек Келдибековду боштондукка чыгаруу болуп саналат.
Маалымат катары айта кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго Кылмыш кодексининин 303-304-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деп айыпталууда.