Бүгүн, 28-ноябрда Ош шейиттери" коомдук фондунун төрайымы Тургунайым Матиеваны камактан бошотуу талабы менен "Кыргыз журтум" жана "Ош шейиттери" коомдук фондунун мүчөлөрү акция өткөрүшөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мучөсү Марипат Осмоналиева билдирет.
"Күнөөлүү болсо Тургунайым Матиеваны эмне себептен буга чейин камашпайт? Булар жөн гана Ахматбек Келдибековду боштондукка чыгаруу үчүн митингге чыккандыгына байланыштуу камап жатышат. 48 саатка камайбыз дешкен. Ал убакыт бүттү. Биз анын боштондукка чыгуусун талап кылып, бүгүн акция уюштурабыз",- дейт Осмоналиева.