Бүгүн, 29-апрелге карата өлкөдө COVID-19 илдетин жуктуруп алган жана бул оорудан каза болгон учурлар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан маалым болду.
Билдирүүгө ылайык, акыркы сутка ичинде республика боюнча оору жуктуруп алгандар катталган жок.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери жалпысынан 200 миң 992 адам бул илдетти жуктуруп алган. Ал эми оорудан каза болгондордун жалпы саны 2991ди түздү.
Ал эми республика боюнча COVID-19 илдетинен айыккандардын жалпы саны 196 миң 400 бейтапты түздү.