"Мурдагы сүйүүсү тууралуу айтпаш керек". Адистер алгачкы жолугушууда кыздар кетирген беш катаны атады

Кыз менен жигиттин алгачкы жолугушуусу эки тарапты тең сүрдөтпөй койбойт. Интернет аркылуу же башка жолдор менен таанышкан жаштардын көбү кийин жолугушары маалым. Дүйнөлүк адистер алгачкы жолугушууда кыздар кетире турган негизги каталарды атады. Анда кыздар кулак салсын.

Эң кеңири таралган жаңылыштык - жигиттин мамиле кылуу үчүн бир нерсе сатып берем деген сунушуна кыздын ойлонбой макул болушу. Эксперттер сунуштан баш тартпоону, бирок жигиттин марттыгын сынабоого кеңеш беришет.

Экинчиден, кыз биринчи жолугушууга жашоосундагы негизги күн катары кийинип келүүгө милдеттүү эмес, эгер мырза жолугушууга жынсы жана спорттук бут кийим менен келсе, ага доомат койбошу керек.

Үчүнчү жаңылыштык - биринчи жолугушууда кыздын мурунку мамилеси тууралуу айтып бериши. Ошондой эле жигиттен мурунку сүйлөшкөн кыздарын сурабоо керек.

Төртүнчүдөн, кыздар ар дайым өзү жөнүндө айта бербеши зарыл. Жигиттер мындай кыздарды нарцист деп эсептеши мүмкүн. Кыз анын хоббилери жөнүндө же экөөнө тең кызык болушу мүмкүн болгон теманы ачканы оң.

Жолугушуу учурунда телефон чалуулар болсо, кыз экранды колу менен жаап, качып кетпеши кажет, тескерисинче жаңы таанышынын жанында сүйлөшкөнү дурус. Ошентип кыз ага ишенерин көрсөтөт.

Анан акырында кыз жигиттин "нагыз мырза" болушуна жол бериши керек. Бийкеч жигиттин эшикти ачып беришин күтүп, тепкичтен түшүп келе жатканда колун сунса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан