Акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун жайына бүгүн, 29-апрелде эстелик тургузулду. Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, акындын үй-бүлөсү, калемдештери, достору, кесиптештери катышты. Соңунда куран окулду.
Эске салсак, Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде дүйнө салган. Ал болгону 43 жыл өмүр сүрдү.
"Жалгыздык" (1996-жыл), "Мелмил" (2005-жыл), "Нөлү көп жылдар" (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору.
Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштап, "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, "Жаңы Агым" гезитинде иштеп, акыркы жылдары "Азаттык" үналгысында иштеп жүргөн.