SUPER.KG порталы менен Кыргыз-Түрк "Манас" университети эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Кол коюу иш-чарасы бүгүн, 29-апрелде орун алды.
Анда меморандумга SUPER.KG порталынын директору менен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетинин деканы Мехмет Сезаи Түрк кол койду.
Мындан ары эки тарап тыгыз кызматташат.