Садыр Жапаров Рухий Мурастагы мектептин жаңы имаратын куруу үчүн капсула салды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкектин Рухий Мурас конушундагы мектептин жаңы имаратын куруу үчүн капсула салды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Ага ылайык, мамлекет башчысы 2005-жылы негизделген бул конуштун жашоочулары үчүн иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров ошондогу жаңы төрөлгөн балдар быйыл 17ге чыгышканына көңүл бурду. Алардын баары шаардын ар кайсы жерине барып окуганга аргасыз болуп келди. Айрым ата-энелер балдары мектепке барып келгиче кабатыр болуп азап чегишсе, айрымдары балдарын мектепке өздөрү алып барып убара болуп келишкен.

Президент бүгүнкү күндө бул конушта 7 миңге чукул адам жашаарын, учурда орто эсеп менен 1350 орундуу мектепке муктаждык бар экенин айтты.

"Бүгүн биз дал ушул маселени чечели деп келип олтурабыз. Бул иш-чара сиздер үчүн да, биз үчүн да, албетте, чоң кубаныч. Биринчиден, балдарыбыз үчүн шарт түзүлүп жатат. Буюрса, мындан ары балдардын баары өзүңүздөрдүн мектептен билим алып калышат. Убаракерчилик жоюлуп, жол киреге кеткен каражат да үнөмдөлөт. Мына, Бишкек мэриясы күзгө чейин бүтүрүүгө бардык аракеттерди жумшайбыз деп убадасын берип жатат, курулушту өзүм да көзөмөлгө алам", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан