Социалдык чөйрөдө эмгек акыны жогорулатууга 7 миллиарддан ашык каражат жумшалды

Өлкөдө апрель айында билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, илим, маалымат жана социалдык кызматкерлеринин маяналарын көбөйткөнгө 7 миллиард 190 миң 700 сом жумшалды. Мындай маалымат Финансы министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлөт.

Анын ичинен:

✅ Билим берүү жана илим министрлиги боюнча 4 930,9 миллиард сом;

✅ Маданият, маалымат жана спорт министрлиги боюнча 383 миллион сом;

✅ Саламаттыкты сактоо министрлиги боюнча 183,3 миллион сом жана ММКФ 1 265,1 миллиард сом;

✅ Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги боюнча 125,4 миллион сом.

"Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин жогоруда көрсөтүлгөн категорияларына эмгек акы жогорулатылганга чейин 2022-жылдын январь-март айларына финансылык пландын орточо айлык керектөөсү 3 566,7 миллиард сомду түзгөн же өткөн айларга салыштырмалуу апрель айына өсүү 2 эсени түздү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан