УКМК Тажикстан Bayraktar'ды сатып алганын четке какты

Коңшу Тажикстан түркиялык Bayraktar учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды деген маалымат такталган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Колдо болгон маалыматтарга ылайык, тажик тарап "Байрактар" учкучсуз учуучу аппаратты чыгаруучу "Байкар Макина" компаниясы, ошондой эле түркиялык башка ушуга окшош өндүрүүчүлөр менен келишим түзгөн эмес", - деп айтылат маалыматта.

УКМК Кыргызстан тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп, Борбор Азия аймагында туруктуулукту жана коопсуздукту сактоого бардык күч-аракетин жумшаарын белгиледи.

27-апрелде тышкы иштер министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин жыйынында Түркия Тажикстанга Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу аппаратын сатканы азырынча чындык экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан