Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн унаа токтотуучу жерлерин өзүм билемдик менен тосулган тосмолор демонтаждалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын алдындагы муниципалдык инспекциядан билдиришти.
"Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча инспекциясы "Тазалыктын" кызматкерлери менен биргеликте орнотулган тосмолорду демонтаждады", - деп билдиришти аталган инспекциядан.
Буга чейин SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү №65 үйдүн жашоочулары бир нече унаа токтотуучу жайды өзүм билемдик менен тосуп алгандыгын билдирген.