Биз социалдык тармакта

"Талмасы кармап калган". Чүй каналына чөгүп бараткан жаран куткарылды

Бишкекте Чоң Чүй каналына чөгүп бараткан жаран куткарылды. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, сууга түшүп кеткен жаран бир нече убакыттан кийин эсине келди.

Маалым болгондой, Төмөнкү Ала-Арча районунда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жүрүшкөн. Алар сууга чөгүп бараткан жаранды көрүшүп, офицерлердин бири дароо сууга секирип, адам өмүрүн сактап калууга үлгүргөн. Дароо биринчи жардам көрсөтүлүп, бир канча убакыттан кийин жабырлануучу өзүнө келген.

Жабырлануучунун айтымында, ал каналдын жанында туруп капысынан талмасы кармап, сууга түшүп кеткен. Ал милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан